super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппарат: Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыров менен бир жолу гана жолуккан

 

2010-жылкы Июнь окуясына айыпталган Кадыржан Батыров менен президент Алмазбек Атамбаевдин байланышы боюнча айтылып жаткан маалыматтарга карата президенттик аппарат 7-октябрда билдирүү таратты. "Алмазбек Атамбаев менен Кадыржан Батыровдун жолугушуусу бир гана жолу 2010-жылы апрелде болгон. Бул жолугушуунун демилгечиси Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева болуп, өзүнүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевден ошол кездеги Өзбек улуттук-маданий борборунун лидерин кабыл алууну өтүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев менен Эмилбек Каптагаев айтылуу Кадыржан Батыров менен Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн ичинен эң көп Алмазбек Атамбаев жолугушканын айтышкан. Азыркы президент менен көп жолукканы чын экенин жакында Кадыржан Батыров өзү маалымат булактарынын бириндеги маегинде ырастаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: