Кыргыз футболчуларынын Ливанга каршы беттешин көрүүгө келгендердин биринен тапанча табылды
Кыргыз футболчуларынын Ливанга каршы беттешин көрүүгө келгендердин биринен тапанча табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ футбол көрүүгө келгендер стадиондун аймагына текшерилип, андан соң киргизилген. Ошол учурда 30 жаштагы У.Т. аттуу күйөрмандын жанынан МР-8013Т үлгүсүндөгү пневматикалык тапанча табылган. Анда куралды алып жүрүүгө тиешелүү уруксат кагаздары болгон. Учурда аталган факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Уруксат кагазы болсо кандай тергоо болот