super.kg logo

"Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу кайым айтышуу менен башталды

 

Бүгүн, 7-октябрда Ак үйдө "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чараны Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өткөрүп жатат. Отурумдун башталышында айрым катышуучулардын сөздөрү кол чабуулар менен коштолгон. КСДПчы депутат Дастан Бекешев буга нааразы болуп, кол чабууларга тыюу салууну аталган комитеттин төрайымы Асел Кодурановадан суранды. "Биз азыр циркте эмес, парламентте отурабыз", - деди депутат. Юрист Нурбек Токтакунов Бекешевге кайрылып: "Дастан, сен депутат болсоң да учурда биздей эле катышуучусуң", - деди. Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева да депутатка: "Биз учурда парламенттин отурумунда эмес, парламенттик угууда отурабыз. Кааласак кол чабабыз, кааласак сүйлөйбүз", - деп айтты. Кайым айтышууну комитеттин төрайымы Кодуранова токтотту. "Урматтуу катышуучулар, бири-бирибизди сыйлайлы. Мен комитеттин башчысы катары тартипти бузган катышуучуну сыртка чыгарууга укуктуумун", - деди Кодуранова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.10.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок
07.10.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кааласан танцыга тушом десен
07.10.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымак бар жерде береке,алдыга жылуу болот.
07.10.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
modern-group, Rifle_S, провокациялык билдирүүлөрдөн алыс болууну сунуштайбыз!
07.10.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу Дастан Бекешов да кыргызча билбей эле качан карасаң Жанарга окшоп төө десе бээ деп жүрөт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: