super.kg logo

Орусияда чоңдор үчүн бала бакча ачылды

 

Орусиянын Новосибирск шаарында чоңдор үчүн бала бакча ачылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мындай демилгени программист Евгений Пятковский көтөрүп чыкан. Ал бала бакча тууралуу: “Чоңдор кеңседе эле иштеп отура бербей, жаңы, кызыктуу нерселер менен алектенип, бактылуу болгусу келишет. Ал эми бакыт бир гана балалык доордо. Мына ушундан улам бул идеяны ишке ашырдым”, - деп билдирген.

Чоңдорго СССР убагындагы бала бакчаларда берилген тамак-аш, сүрөт тартуу, пластилин менен түрдүү фигураларды жасоо жана ырдоо сунушталып, бир нече оюндар ойнотулат. Аларды окутуу үчүн башка бала бакчалардын тарбиячыларын чакырышкан.

Бала бакчаны ачуу үчүн 600 миң рубль каражат сарпталган. Ал жерде бир күн жашоо үчүн 3 миң рубль төлөнөт. Азырынча бала бакчага 28 жаштан 40 жашка чейинки эркектер жана 23 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер жазылып жатышат”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
07.10.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анан барып алып ичип, талкалап кетпесе эле))) Мен дагы бармакмын анткени кичине кезимде бала бакчага барган эмесмин. Тоо-ташта эле чонойдук. Бирок ар нерсенин оз учуру жакшы го.
07.10.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Орус оюндагысын кылат деген ушуда.
07.10.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кунуно 3 минге барышса бир айда 90 мин чиновник соройлор чыгарса керек,,менин уйдо озумдун балдарымдын балабакчасы жетишет,,чондор учун бала бакча дешип,,,
07.10.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карылар учун ачса иши алдыга кетмек,коом да колдомок.
07.10.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Публичный дом ачыптырда
08.10.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы бир Дом-2 ачылыптырда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: