super.kg logo

Эки элдин байланышын бекемдеген Бишкек-Дели шаарлары эми жакын болуп калды

 

7-октябрда борбор калаадагы эс алуучу жайлардын биринде "Эйр Манас" компаниясы Кыргыз өлкөсүндөгү Индия элчилиги менен биргеликте "Incredible India" маданий иш-чарасын уюштурду. Анын алкагында атайын чакырылган коноктор, медиа өкүлдөрү кыргыз жана Индия элдеринин маданияты, кооз жаратылышы, меймандостугу жана аталган өлкөлөргө саякаттоо тууралуу кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Кечени индия бийин чимириле бийлеген бийчилер ачышты. Андан соң Индия Республикасынын толук ыйгарымдуу өкүлү, элчи Жаянт Кхобрагаде сөз сүйлөдү.


“Индия-кыргыз элдеринин тилинде, маданиятында көп окшоштуктар бар. Кээде котормочусуз да
бири-биринин сөздөрүн түшүнө алышат”, -
деди элчи өз сөзүндө. Ошондой эле ал "Эйр Манас" компаниясы кыргыз эли менен Индия өлкөсүнүн элин байланыштыруу үчүн чоң эмгек кылганын, Индияда саякаттоого, зыярат кылууга жайлар көп экенин кошумчалап, меймандарды аталган өлкөгө конокко чакырып өттү. Андан соң Индия өлкөсүнүн кооз аймактары, жаратылышы, туристтик жерлери тууралуу “Индияны сүйүп калуу оңой” аттуу 5 мүнөттүк видеоролик көрсөтүлдү.

Кезектеги сөз “Эйр Манас” компаниясынын директору Илгар Алптекин мырзага берилди.
“Эйр Манас” компаниясы жүргүнчүлөргө жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтөт. Биздин учактар өлкөдөгү эң жаңы учактар. Кыргыз-Индия элинин ортосундагы карым-катнаш жыл өткөн сайын жанданып барат. Ал эми жакында эле ачылган Бишкек-Дели-Бишкек авиакаттамы эки элдин байланышын мындан ары да бекемдейт", - деди Илгар Алптекин.

Кечеде эки өлкөнүн туристтик компаниялары да өз кызматтары менен тааныштырып, бул мамлекеттердин тарыхый мурастары жана маданиятындагы түрдүү кооздуктар тууралуу видеороликти көрсөтүштү.

"Кыргыз өлкөсү өзүнүн асман тиреген тоолору, жаратылышы менен атагы чыккан. Жүз миңдеген туристтер бийиктиктерди багындыруу үчүн биздин өлкөгө келишет. Бул үчүн бизде бардык шарттар түзүлгөн", - деп билдиришти компания өкүлдөрү. Ар бир презентациядан соң эки элдин улуттук бийи бийленип, комузда кол ойноткон жаштар өз таланттарын тартуулап жатышты.

Белгилей кетсек, эки элди байыркы достук салттары жана бири-бирин сыйлоо байланыштырып келет. Жаңы каттам Индия, Кыргыз өлкөсүнүн жүргүнчүлөрүнө жагымдуу, таң каларлык баалар менен учуу мүмкүндүгүн гана бербестен, башка өлкөлөргө транзиттик учуу менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн да түзүп берген. Себеби "Эйр Манас" - "Учуу - өлкөнүн ар бир жаранынын укугу".
Бишкек-Дели-Бишкек авиакаттамы жумасына 3 жолу каттайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
10.10.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул рейс мурда эле бар эле го.Супер инфо Екатеринбург Ош багыты боюнча Кыргызстан авиа компаниясынын билеттерин таппай жатабыз маалымат алып бергилечи интернетте жок
10.10.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми Бишкек - Сеул ачкыла. Эл кыйналды Казакстан,Озбекстан аркылуу каттап
10.10.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оба эми индустар бизге кочуп келет! Кыргызстан наш общий дом да ким бироо айтмакчы! Ошто коруп атабыз индустарды кандай "жакшы" эл экенин. Мунун кыргызстанга кереги жок. Алар оздорунун кызыкчылыгы учун эле. Мен бул жерде кыргызстандын пайдасына бир нерсе болооруна козум жетпей турат. Же кыргызстандан индияга барып иштеген кыргыз туугандарды кордунорбу?
10.10.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кереги жок индустар ансыз деле кобойуп кетти
10.10.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы болуптур бел рейстин ачылганы. Себеби дегенде азыр чет мамлекетте жасала турган оор операциялардын көбү Индияда жасалат, баа жагынан да Индияда башка мамлекеттерден арзан. жакшы эле болду. Аптекадагы дарыларынардын производитель деген жерин карасанар баары Индияда чыгарылат. дары-дармектер арзандайт деген үмүттөмүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: