super.kg logo

Социалдык багыттагы насыялар

 

"Жети-Өгүз финанс" чакан насыя уюмунун элге кызмат кылганына быйыл 10 жыл болду. Башкалардан айырмасы кандай жана эмне себептен социалдык багыттагы микрокредиттик уюм деп аталарын директору Талантбек Жапаров айтып берди.

- Уюм качан, кантип түзүлгөн?

- 2006-жылдын август айында үч тараптан - райондук мамадминистрация, жергиликтүү жамаат жана “Кумтөр Голд Компани” демилге көтөрүп, түптөлгөн. Алтын кен ишканасы каржылоону толук моюнга алып, үч жылдык программанын алкагында 10 миллион сомдой берген. Кийин улам каржылап турду. Азыр толук өз алдынча уюм болуп жетилдик. Башынан эле социалдык багыттагы иш болгондуктан, насыя мүмкүн болгон төмөнкү пайыз менен берилип, каражат алуу кыйынчылык жараткан эмес. Бир гана шарты - насыяны жалгыз Жети-Өгүз районунун тургундары алыш керек деген чектөө коюлган.

- "Жети-Өгүз финанс" иштегенден бери канча насыя берилди?

- Он жылда 4600 үй-бүлөгө жалпы 304 миллион 917 миң сом суммасындагы насыя берилди. Насыя портфелибиз 100 миллион 387 миң сомго жетти. Учурда насыя алгандардын саны 757 адам.

- Жарандар насыяны негизинен кайсы багытка жумшоо үчүн алышат?

- Биздин аймак айыл чарба азыктарын өндүрүп, малчылык менен алектенет. Андыктан айыл чарба техникасын сатып алууга, өсүмдүк өстүрүүгө бардык насыялардын 70 пайызы жумшалат. Калгандары соода-сатык, кызмат көрсөтүү тармагы, өндүрүш менен кайра иштетүү. Социалдык маанидеги долбоорлорду да айткым келет. Алар пескоблок чыгаруучу цехтер, вулканизация сыяктуу, жалгыз ээлерине гана пайда алып келбестен, кошумча иш орундары түзүлүп, калктын муктаждыктарын камсыздаган ишканалар. Учурда саны 83кө жетти. Биз биринчи орунга киреше табууну эмес, аймактын өнүгүүсүн коёбуз. Айыл жергесинде жумушсуздук башкы көйгөй экени белгилүү. Ал эми төмөн үстөк пайыз менен берилген насыя кичи жана орто ишкерлердин бутка туруп, аймактын экономикалык өнүгүүсүндө абдан майнаптуу. Айыл чарбасына 10 пайыз, коммерциялык багыттагы насыяларды 12 пайыз үстөк менен 20 миң сомдон 500 миң сомго чейин беребиз. Орточо көлөмү 113 миң сомду түзүп, төлөө мөөнөтү бир жылдан 48 айга чейин.

- Социалдык багытына карабай, өзүн өзү актаган уюмга айланыптыр да?

- Акыркы төрт жылда киреше менен чыгып жатабыз. 2015-жылы 4,7 миллион сом пайда көргөнбүз, быйыл да жаман болбойт деген ишенимде турабыз. Өлкөдө насыялардын кайтарымдуулугу көйгөй экенин билебиз жана былтыр маселелер болгон. Кимдир бирөөсү айыл чарба продукциясын сата албай калган, малдын базар баасы арзан болгон. Ошентсе да абалдан чыгып, жылды жакшы жыйынтык менен жаптык. Албетте, насыяларды кайтарууда көйгөйлөр жаралат, бирок андай учурлар 1,5 пайыздын тегерегинде жана чоң көйгөй дебейм.

Элибиздин жашоо шарттары жакшырып, районубуздун экономикалык-социалдык жактан өнүгүп-өсүүсү үчүн кызмат кыла беребиз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.10.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумтор ушундай программаларды башка аймактарга да жайылтса жакшы болмок
11.10.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер берип жатат дейсинерби процентке берип жатат аны да бааланып жатып беришет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: