super.kg logo

"Younglim Интерьер" ар бир кардарынын жашоо сапатын жакшыртууну максат кылат

 

"Younglim Интерьер" интерьер үчүн премиум-класстагы жасалга материалдарын жеткирүүчү Кыргызстандагы алдынкы компания болуп эсептелет.

Компания негизделгенден бери бөлмөлөрдү жасалгалоо жана ички дизайн боюнча долбоорлорду аткарууда тажрыйба топтоду. Айлана-чөйрөнү коргоо маселелери жана экологиялык жактан таза материалдарды колдонуу компаниянын негизги артыкчылыгы болуп эсептелет. Компания дүйнөгө белгилүү жогорку сапаттагы продукциянын колдоосу менен жаңы жана алдынкы өнөр жай технологияларына жетүүгө багыт алган.

«Younglim Интерьер» компаниясынын өндүрүмдөрү:

  • Пластик терезелер (эки жакка ачылма)
  • Бөлмөлөрдүн ортосундагы каалгалар (жыгачтан жасалган, пластик, эки жакка ачылма), өзү чапталуучу туш кагаздар
  • Молдингдер (300 түрү бар)
  • Плинтустар
  • Дубал үчүн панелдер
  • Арт-шыптар жана дубалдар

"Younglim Интерьер" соода компаниясы курулуш материалдары менен чекене соода жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгүн 2014-жылы баштаган.

Бүгүнкү күндө "Younglim Интерьердин" чекене жана дүңүнөн соода жүргүзгөн база жана интернет-дүкөн (учурда жаңылануу баскычында) болуп, 2 дүкөнү ачылган. Ондогон кызматкер, 20 миң аталыштагы Кореядан түз алынып келинген курулуш жана оңдоп-түзөө товарлары. Ар квартал сайын 1000 сатып алуучу тейленет. Сатып алуучулардын негизги бөлүгү көп убакыттан бери анын кызматынан пайдаланган профессионалдык жана туруктуу кардарлар.

"Younglim Интерьер" дүкөн-интерьери Кыргызстандагы курулуш материалдарын чекене саткан дүкөндөрдүн ичинен базардагы эң негизги компаниялардын бири болуп калууну максат кылат.

"Younglim Интерьер" товардын жана кызмат көрсөтүүнүн сапатына басым жасоо менен, заманбап технологиялардын жардамы менен соода-сатыктын таасирдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө иштейт. Биздин ишмердүүлүгүбүздүн негизги миссиясы - кардарларыбыздын жашоо сапатын жакшыртуу, курулуш боюнча долбоорлордун ишке ашуусуна жана турак жайдын оңдоп-түзөө иштерине жардам берүү.

Компаниянын кызматкерлеринин негизги милдети - ар бир кардар менен узак мөөнөткө, жаркын маанайдагы, бекем өнөктөштүк мамилени жаратуу. Биз сизди өз кардарларыбыздын арабыздан көргүбүз келет.

Байланыш телефондору: +996 (312) 60-33-33; +996 (550) 60-33-33.

Дареги: Бишкек шаары, Курманжан датка көчөсү-144


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.10.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун го..Ош шаарында да ачылса болмок..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: