super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 11-декабрга дайындалды

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-октябрда "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык:

  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 11-декабрына дайындалат.
  • Борбордук шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңешке шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү милдети жүктөлөт.
  • Өкмөт:

- шайлоо өткөрүү үчүн БШКнын чыгымдарынын сметасына ылайык керектүү акчаны бөлөт;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: