super.kg logo
  Саясат  

Рита Карасартова: "Конституциялык палата бийликке кошомат кылган институтка айланды"

 

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы өзүнүн негизги милдетин аткаруудан алыстап, бийликке кошомат кылган институтка айланып калганы көрүндү. Мындай пикирди 12-октябрда SUPER.KG порталына укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

"Конституциялык палата мыйзамдуулукту камсыздап, мыйзамдардын бузулушуна жол бербей кайтарып турган негизги милдетинен ажырап калганын кечээ көрдүк. Же андагы судьялар мыйзамдарды өздөрү жакшы билишпейт, же бийликке кошомат кылышты. 9 күндө карап чечим чыгарышты, негизи, 1 айдан ашык убакытта карала турган маселе болчу. Быйылкы жылдын 10 айында палата 5 гана иш караптыр. Андагы судьялар 40 миң сомдон айлык алышат, имарат, унааларынын чыгымы... Мындай палатанын бизге кереги барбы? Ошондуктан бул органды жоюуга кол топтоо башталды", - деди Карасартова.

Эскерте кетсек, Конституциялык палата кечээ Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бийликтин демилгесин колдогон корутунду чыгарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: