super.kg logo

Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

 

Ооганстандагы Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз өлкөсүнөн гуманитардык жардам жеткирилди. Мурда маалымдалгандай, этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык көмөктүн колоннасы 2016-жылдын 3-октябрында Ош шаарынан чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Тамак-аш, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үйлөр түрүндөгү гуманитардык көмөк экспедиция мүчөлөрү тарабынан Чоң жана Кичи Памирдин алыскы айылдарына жеткирилип, ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылды. Мындан тышкары экспедиция курамындагы медициналык кызматкерлер жогоруда аталган аймакта жашаган 300гө жакын адамды медициналык кароодон өткөргөн. Жергиликтүү тургундар үзгүлтүксүз түрдө көрсөтүлүп жаткан гуманитардык көмөк жана камкордук үчүн ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Чоң жана Кичи Памирде 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашашат. Көмөктү уюштурууга өкмөт тарабынан 10 миллион сом бөлүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
12.10.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жаңылык. Алла ыраазы болсун
12.10.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кочуруп алып келсе болбойбу аларды
12.10.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыраазы болсун жараткан,буларды алайга жер болунуптур кочуруп келебиз деп атышты элего не болушту
13.10.2016. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Авганистан бербейтда буларды. Ал учун Байатам Армения менен Грузияга айылдабай Ооганыстандын бийлиги менен суйлошуш керек. Памирликтерге баш оорутуп отурабы? Ыр жазып учунчу альбомду чыгарыш керек же коституцияны озгортуп туболук такта калыш керек. Кайсы депутат же мамлекеттик ишмер репутациясын ондогусу келсе 4ручка 4тетрадь которуп алып бир врачты эрчитип алып памирге жонойт кочуруп келиш суйлошуулорду жургузуу деген ой жок чондордо. Алган креслосунун акчасын берсе болмок жеп жутарлар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: