super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды

 

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңеш "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Документке 98 депутат "макул", 13 депутат "каршы" деп добуш берди. Эми бул долбоор 3-окууда жактырылган соң президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Айта кетсек, "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору менен референдумда коюлуучу маселелерди үгүттөөчү, референдумда коюлуучу жана демилгечи тобунун маселелерине каршы үгүттөөчү референдумга катышуучулардын тобунун ишин так бөлүштүрүү сунушталат.

Мындан тышкары долбоордо референдумду өткөрүүнү демилге кылуучу субъекттердин тизмеси; референдумга коюлуучу маселелердин тизмеси; кол топтоо тартиби, кол коюу барактарын текшерүү; референдумду дайындоо тартиби; референдумду өткөрүү боюнча комиссияларды түзүү тартиби; алардын ыйгарым укуктары, ошондой эле референдумду өткөрүү боюнча комиссиялардын мүчөлөрүнүн статусу; референдумду өткөрүү боюнча участокторду түзүү Конституцияга жана жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарга ылайык келтирилди.

Сунушталып жаткан конституциялык мыйзам долбоору менен референдум өткөрүү практикасына жаңы автоматташтырылган технологияларды киргизүү үчүн мүмкүндүк коюлууда. Конституциялык мыйзам долбоору жыйынтыктарды чыгаруунун жол-жоболорун аныктайт.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери - Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"), Тынчтык Шайназаров ("Өнүгүү-Прогресс"), Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен") жана Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен").






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: