super.kg logo

Базар-Коргон районунда өстүрүлгөн жаңгактын маңызы Түркияга экспорттолот

 

Базар-Коргон районунда өстүрүлгөн жаңгактын маңызы Түркияга экспорттолот. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөев билдирди.

"Элибиздин жашоодогу киреше булагы жаңгак, мал чарбачылыгы жана дыйканчылык болуп эсептелет. Агрардык айыл чарбасын өнүктүрүү адистеринин айтымында, быйыл жаңгактын түшүмү орточо, бирок өткөн жылга салыштырмалуу жакшы. Өткөн жылы аба ырайынын катаалдыгынан улам жаңгак жакшы түшүм байлаган эмес. Учурда жаңгак терүү кызуу башталды", - деп билдирди Дөлдөев.

Базар-Коргон районунда жаңгак токою Арстанбап, Талды-Булак, Моңол, Кызыл-Үңкүр айыл аймактарында 68 миң гектар жерди ээлеп жатат.

"Жаңгак чарбасы менен алектенген чарбакерлерибиз жаңгакты чагып, маңызын сатууну өздөштүрүшкөн. Буга чейин маңыз жергиликтүү жана өлкөнүн ички базарларында сатылып келсе, акыркы эки жылдан бери Түркия, Орусия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттоого мүмкүнчүлүк жаралган. Учурда базар наркында жаңгактын маңызынын 1 килограммы 400-500 сомго сатылууда", - деп кошумчалады район акими.

Маалыматка ылайык, төрт айыл өкмөт үч айлык жаңгак терүү мезгилинде 700 тоннадан ашуун маңыз чогултат. Аталган райондо жаңгак терүү мезгили кар түшкөнгө чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: