Бакыт Төрөбаев мамлекеттик карыз 6 миллиард долларга жакындаганын айтты
Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев өлкөнүн мамлекеттик карызы 6 миллиард долларга жакындаганын айтты. Каржы министрлигине шилтеме берген депутат учурда мамлекеттин карызы 4 миллиард доллар деп айтылып жатканы менен, дагы 2 миллиард доллар карыз алууга кол коюлуп калганын айтат. Бул акча жакынкы жылдары алынарын, ошондо өлкөнүн ички дүң продукциясы менен мамлекеттик карызы барабар болуп каларын билдирди.
Белгилей кетсек, Каржы министрлигинин маалыматы боюнча мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард 75 миллион доллар. Бул ички дүң продукциянын 70 пайызын түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-4

