super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү кеңешке шайлоодо 49 аймактык, 1932 тилкелик шайлоо комиссиясы иштейт

 

2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо 49 аймактык, 1932 тилкелик шайлоо комиссиялары иш алып барышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын билдиришинче, бул шайлоо комиссияларында жалпысынан 20 миңдей адам иштейт. Шайлоо 411 кеңеште өтөт. “Алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүгү - жаңы технологиялардан башка талапкерлерди каттоо процесси аймактык шайлоо комиссияларында өтөт. Парламенттик шайлоодо каттоо процессин Борбордук шайлоо комиссиясы алып барса, аймактык шайлоо комиссиялары ошол талапкерлер менен иштейт. БШК мыйзам боюнча ылдый турган комиссияларга жардам бериши керек. Бул багытта методикалык, уюштуруу түзүмү кабыл алынды. Бул ыкчам реакция жасоого мүмкүндүк берет”, - дейт Шайлдабекова.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 218 миллион сом каралганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: