super.kg logo

Лейлек районунда балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат

 

Лейлек районунда балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алыскы райондордо бала бакчаларды ачуу аракетин көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө райондогу балдардын 4830у бала бакчага тартылган. Учурда алардын санын көбөйтүү максатында жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен Исфана шаардык мэриясына караштуу Мурза-Патча айылында 11 миллион 844 590 сомго бала бакча курулуп жатат. Бул курулуштун бүтүшү менен айылдын балдары бакчада тарбиялана баштайт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча 130 бала бакча болсо, анын ичинен төртөө жеке менчик. Жыл аягына чейин облус аймагында дагы 10 бала бакча ачылуу алдында турат. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда балдардын 15 632си бала бакчаларда тарбияланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: