super.kg logo

Военно-Антоновка айылында жолго коюлган видеокөзөмөл 60 миңден ашуун эреже бузууларды каттаган

 

Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынын жанына коюлган видеокөзөмөл 17-июнда ишке кирип, ошондон бери 60 миңден ашуун эреже бузууларды каттаган. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жол эрежесин камсыздоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Буга чейин унаа базарынын жанына орнотулган видеокөзөмөлгө катталган 59 040 транспорттун ээлерине кат жолдонгон. Эреже бузуулардын негизинде ушул күнгө чейин өлкө казынасына 5 миллион 568 миң сом киреше түшкөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жол эрежесин сактоо жана алдын алуу, ошондой эле жол эрежелеринин бузулушун аныктоочу систем өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, аталган видеобайкагыч айыптардын төлөнбөй калганынан улам токтогонун депутат Зиядин Жамалдинов парламенттин жыйынында билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.10.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Штраф төлөткүлө!
17.10.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кыйратасынар ошол жердеги камеранар эле иштебесе башка жердегиси иштебейт экен,заря базарына жетпей элдер коп отот ошол жерге койгула,жарыктык жок карангы,жайында бир кызды сузуп олтуруп качып кетти сузгон адам,камераны карайлы десе шопурлар ал жерде иштебейт,бул жерде иштебейт деп ГАИ лерге айтып жатат ушул жолдогу чырактардын баарын эле куйгузбосонор дагы коп кырсык болот,камеранарды быжыратып ар кайсы жерге койсонор ошол камеранын акчасын бир жылда актап берет!!!
18.10.2016. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камеранын кымбатын коюш керек, камера коюлгандан кийин ар 2-3 айда аларды техникалык тейлөөчү адистер иштеш керек, алардан акчаны аябаш керек, камера силерге светофор же жол белгичи эмес, коюп коюп унутуп калгыдай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: