Жогорку Кеңештин комитети референдумду 2016-жылдын 11-декабрына дайындоо демилгесин 2-окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 18-октябрдагы жыйынында Конституцияны өзгөртүүгө жол ачуучу мыйзамдын долбоору экинчи окууда жактырылды. Ага комитеттин 11 мүчөсү "макул", 3 мүчөсү "каршы" деп добуш берди. Эми бул долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Документке ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрына дайындалмакчы.
Айта кетсек, долбоорго Алмамбет Шыкмаматов, Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев "каршы" деп добуш беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

