super.kg logo

MegaCom ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин тастыктады

 

MegaCom - ISO 9001:2015 жаңы эл аралык стандарттардын талаптарына шайкештигин тастыктаган Кыргызстандагы алгачкы жана бирден-бир уюлдук компания. Бул стандартка шайкеш келүүсү -компаниянын стабилдүүлүгүнүн объективдүү далилдеринин бири.

Көзөмөл, баалоо, сыноо жана сертификациялоо чөйрөсүндө дүйнөгө белгилүү болгон TÜV International Certification (TIC) тарабынан өткөрүлгөн аудиттин жүрүшүндө MegaCom компаниясынын сапаттык менеджмент системинин ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин далилдеди. Аудиторлор абоненттерди тейлөө, сатып алуу процесстерин ишке ашыруу, жабдуучулар менен иш алып баруудагы келишимдик милдеттенмелерин жана байланыш кызматтарын көрсөтүүгө коюлган техникалык талаптарды аткаруу боюнча аткарылып жаткан иштерге жогорку баа беришти.

"Компания ISO 9001:2008 стандартынын тастыктамасына ээ, 2018-жылдын сентябрь айына чейин эски версияны колдоно берүүгө болмок. Бирок биз MegaCom сапаттык менеджмент системи ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын жакшыртылган версиясынын талаптарына ылайык иш алып барууну чечтик. Сертификациядан өтүүгө бир жылдай даярдандык. Атайын адистештирилген тренингдер өткөрүлүп, стандарттын талаптарына ылайык келген зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жумушчу топтор түзүлүп жатты. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара эмгектенген компания кызматкерлеринин эмгегинин акыбети кайтты десем болот. Көз карандысыз аудит өткөрүүдө аудиторлор тарабынан жогорку баага татыктуу болуп, натыйжада эл аралык үлгүдөгү тастыктамага ээ болдук", - деп баса белгилей кетти компаниянын башкы директору Азат Базаркулов.

Телекоммуникациялык компаниянын ийгиликтүү ишмердигинин башкы далили - компания адистеринин кесипкөйлүгү, алдыга коюлган милдеттерди ыкчам аткарууну шарттаган маалымат системин кеңири колдоно билүүсү, өз ишине болгон ырааттуу мамилеси, сапаттык менеджмент системинин принциптерин билүүсү, ички корпоративдик биримдик жана ар бир кызматкердин кардарларга жасаган мамилеси.

MegaCom жогорку сапаттагы тейлөөнү, кызматтардын кеңири түрүн, ишенимдүү байланышты, ыңгайлуу тарифтөөнү сунуштайт. Компания түйүндү кеңейтүү жана оптималдоо, техникалык жактан өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштерди алып барууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
18.10.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда свет очуп калса еле Мегакомда кошо очуп калатго. Свет куйгучо кутуп олтурабыз.
18.10.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев качан сатат экен я Мегакомду? же референдумдан кийинби?
18.10.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага мегаком жагат свет очсо движокту жагат (эл коп болгон жерге эмес айылгада шарт тусо элдер кообурок колдонот)
18.10.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегакомдун 4G дегени айына канча сом турат? и айына канча толойсун? Мен азыр телефондон эле кирем да.
19.10.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12.12.12, WIFI routerdi 3000 somgo satyp alasyn 3 ai beker koldonosun 3 aidan kiyin aiyna 1200 som. Okunboisun alsan.
18.10.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Megacomdun interneti ewek araba
18.10.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zevs,баззар жок так ошондой
19.10.2016. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zevs,эшек аравадан дале хуже
19.10.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегаком жакшы экен мен билчуу эмес элем.Телефондон интернетке кирсен тез баттан ачат.Билайн аран ачат жадап кетем кутуп атып.Билайнда минутасын гана колдоном а так мегаком.МЕГАКОМ абдан жагып калды чет элге чалып кенири суйлошом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: