super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "Түп нускасы жок Конституцияга өзгөртүү киргизсек, дүйнөгө уят болобуз"

 

"Түп нускасы жок Конституцияга өзгөртүү киргизсек, дүйнөгө уят болобуз". Мындай пикирди 19-октябрда парламент жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

"Конституцияны өзгөртүү демилгеси башынан эле ээрге кыйшык отурган. Орусияда мекендештерибиз каза тапкан маалда долбоор сунуш кылынды. Кыргыз аза күтүү болуп жатканда, баласына тушоо той бербейт. Парламенттик башкаруудагы Конституция менен депутат болуп келип, эми парламенттик башкаруунун канатын кыркканы жатабыз. Парламенттик башкаруу -дүйнөлүк агым, биз ага каршы тура алабызбы? Акыркы жылдарды карасак, революциялардын баары авторитардык өлкөлөрдө болду. Урматтуу депутаттар, жүздөгөн мыйзамдарды жазган же саат 9да келип, 6га чейин жумушта отурган депутаттар калган жок. Тарыхта Дооронбек Садырбаев сыяктуу чындыкты айткандар калды. Эгерде оригиналы жок Баш мыйзамга өзгөртүү киргизсек, дүйнөгө уят болобуз. Туңгуюкка келип такалдык, жүрүп бараткан машинаны оңдойлу десек, машинанын өзү жок болуп жатпайбы?" - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: