super.kg logo

Ун өндүрүүчү ишканалардын кызматкерлери депутаттардын унга болгон салыкты көтөрүү демилгесине нааразы

 

Казакстандан алынып келинген буудайдын салыгын Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда маалымат жыйынында ун өндүрүүчү ишканалардын кызматкерлери айтып чыгышты.

"Учурда Казакстандан 1 килограмм буудайды 14 сомдон алып келип жатабыз. Эми ага Жогорку Кеңештин депутаттары 12 пайыз салык кошууну пландашууда. Учурда бул боюнча Жогорку Кеңеште айрым депутаттар демилге көтөрүп жатышат. Эгерде буудайдын салыгы көтөрүлсө, анда нанга болгон баа көтөрүлөт. Андан ары башка азыктарга болгон баа жогорулайт, анткени буудай менен нандын наркынын башка азыктарга түздөн-түз таасири тиери анык. Мындан карапайым эл гана кыйналат", - деп билдирди "КазГрейн" ун өндүрүү ишканасынын жетекчиси Султан Имангазиев.

"Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинде Түштүк Казакстанда тегирмендери барлары бар. Алар жеке кызыкчылыктарын ойлоп жатышат. Буудай, ун алып келип саткан депутаттар Жогорку Кеңеште отурушат. Алар ошондуктан салыкты 12 пайызга көтөрүүнү сунуштап жатышат. Учурда далилдерди топтоп жатабыз. Кайсы депутаттар бул иш менен алектенип жатышканын айтабыз", - деп билдирди "Кыргызстан" ишкерлер союзунун Ун өндүрүшү боюнча комитетинин төрагасы Рустам Жунушов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.10.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра жардам берсин депутатар.ун которулсо нан которулот.нанды которо кобуно кыйын болот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: