super.kg logo
  Саясат  

2010-жылы Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган Акылбек Сариев да Конституциянын түп нускасы кимде экенин билбейт

 

Конституциянын түп нускасына Борбордук шайлоо комиссиясынын эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG порталына 2010-жылы Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган Акылбек Сариев билдирди.

Анын айтымында, аталган мекеме Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду өткөрүүгө гана ыйгарым укуктуу болгон. "Убактылуу өкмөт Конституцияны даярдаган, бул документти коомчулукка тааныштырган. Демек, Конституциянын түп нускасы Убактылуу өкмөттө болгон. Кийин бардык нормативдик-укуктук документтер жаңы өкмөткө которулушу керек эле. Менин оюмча, Конституциянын түп нускасы тууралуу суроону президенттик аппаратка узатуу керек", - деди Сариев.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев: "Биздин канцеляриянын архивин карап чыктык, Конституциянын түп нускасы жок. Биз Юстиция министрлигинде болсо керек деп ойлогонбуз, бирок бүгүн Юстиция министрлигинде да жок экени айтылды. Анда кайда калды? Мен ал учурда иштеген эмесмин, ошондуктан Баш мыйзамдын түп нускасы кайда экени боюнча канааттандырарлык жооп бере албайм", - деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: