super.kg logo

"Ысык-Ата районунда 3 аялды мыкаачылык менен өлтүргөн" деп шектелгендердин иши: Жабырлануучу тарап келтирилген чыгымдарды өндүрүүнү талап кылууда

 

Бүгүн, 19-октябрда борбордун Биринчи Май райондук сотунда "Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен 24-мартта 3 аялды мыкаачылык менен өлтүргөн" деп шектелгендердин иши боюнча соттук кароо башталды.

Соттук кароонун жүрүшүндө каргашалуу окуя болгон үйдөн жалпы суммасы 177 400 сомду түзгөн баалуу буюмдар уурдалганы жана маркумдарды жерге берүү үчүн атайын агенттиктин кызматтары колдонулуп, ага 39 500 сом сарпталганы белгилүү болду. Жабырлануучу тараптын жактоочулары айыпталуучу тараптан жабырлануучу тарапка келтирилген 216 900 сом материалдык чыгымды өндүрүүнү өтүнгөнү айтылды.

Кылмышка шектүү катары Александр Лебедев, Евгений Шулик, Илья Пудовкин, Эльдар Белоусов, Николай Куликов жана Артём Гогин кармалган.

Айта кетсек, бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдардын экөө эже-сиңди, ал эми үчүнчүсү үй ээсинин 24 жаштагы кош бойлуу кызы болгон. Кылмышка шектүүлөр 12-майда кармалып, алардын баары жергиликтүү тургундар экени маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.10.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негедир Ромеолор көбөйүп жатышат) сүйүү үчүн өлүүгө даяр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: