Өлкөдө баш кошкон ар бир алтынчы түгөй ажырашат
Өкмөт 2017-2027-жылдары үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программа даярдады. Маалыматты 19-октябрда өкмөттөн кабарлашты.
Программанын максаты - Кыргыз Республикасында үй-бүлө институтунун өнүгүшүнө шарт түзүү жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө катталган дээрлик ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктайт. Эксперттер ажырашуунун, үй-бүлөнүн жана никенин бузулуп жатканынын негизги себеби эмгек миграциясы экенин айтышат. Өлкөдө 18 жашка чейин эрте эне болуу көрсөткүчү өсүүдө.
Программанын алкагында ата-энелик көндүмгө үйрөтүү системи жана жашоо шарты оор жарандардын укуктук негизде үй-бүлөсүн жана балдарын коргоо боюнча атайын окуулар пландалууда. Мындан сырткары өлкөдөгү улгайган жарандарды колдоо боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселеси да талкууланды. Учурда өлкөдө 400 миңден ашык улгайган адамдар жашайт. Алар жалпы калктын 8 пайызын түзөт.


ушул эки суроо жаштарды ойлонбой эле, эптеп элдин көзүндө жакшы көрүнүш үчүн баш кошо берип, ажырашкандар көп. Бул адам жагабы, жакпайбы, туура келеби, келбейби деп ойлонууга эч ким үйрөтпөйт.
ошентип, өлкөдө бактысыз адамдар көп. бактысыз адам коомду жыргатпайт. бактысыз коом эч качан өнүккөн өлкөгө өсүп жетилбейт.
катуу кеттим окшойт :)))
Эркектер да ошондой жакшылык кылса аял жаман болуп чыгат кооп кетет.