super.kg logo

"Аялымдын өлүмүнө себепкер болуп, эки кызымды энесиз калтырган айдоочу 1 айдан бери табылбай жатат" дейт маркумдун күйөөсү

 

"Аялымдын өлүмүнө себепкер болуп, эки кызымды энесиз калтырган айдоочу 1 айдан бери табылбай жатат". Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына жол кырсыгынан каза тапкан 23 жаштагы Жанара Бараталиеванын жолдошу Айбек Нуранов билдирди.

"Окуя болгондон бери 1 ай убакыт өттү. Издөө иштери жүргөнү менен, "Казакстанга чыгып кетти" делген кылмышка шектүү Рустам Жалилов дале кармала элек. Ички иштер министрлигинен Жалиловду издөө иштери тынымсыз жүрүп жатканын билдиришүүдө, бирок натыйжа жок. Ошол себептен улам жактоочу жалдаганга туура келди. Ал учурда тиешелүү документтерди даярдап бүттү. Бүгүн же эртең прокуратурага арыз менен кайрылууну көздөп жатабыз. Арызда ИИМ жүргүзүп жаткан издөө иштерине көмөк көрсөтүп, Жалилов чыгып кеткен Казакстан аймагындагы тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү өтүндүк. Балким, ушундай кадамга барганыбызда кылмышка шектүү эртерээк колго түшмөк", - дейт маркумдун күйөөсү.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас унаасын башкарган Р.Жалилов аттуу айдоочу жолдо 2 баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Оор жаракаттарды алган жаш эне ооруканага жетпей каза тапкан. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Кылмышка шектүү ал жерден да кетип, 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен. Жаш эненин артында 2 жаштагы жана 3 айлык кыздары калган, аларды учурда маркумдун энеси кароодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.10.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жараткандан сабыр тилейбиз! Табылат шүмшүк сөзсүз жооп берет
20.10.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахтын алдында жооп берет качып кайака барат озүн бир жыл алдайт еки жыл алдайт анан ол дагы горот да бир нерсени
20.10.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Таанышы бар ошондуктан акчанын кучу менен жаап жашырып жатышат.Мындай окуя башыбыздан откон.Атамды олтурууго даярданып анан бизди да орттоп кетем деген мыкаачы милициядарга акча берип жана коноктогону менен жашынып журуп акыры табылган.Бул да ошол сыяктуу,азыр акча чечип калбадыбы баарын,адилеттик жок да бизде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: