super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ОКТЯБРЬ: 5 жыл мурун Ливиянын президенти Муаммар Каддафи өлтүрүлгөн

 

2011-жылдын 20-октябрында Ливиянын мамлекет башчысы, Муаммар Каддафи Өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн.

Ливиянын саясий жана аскерий ишмери Муаммар Каддафи 1942-жылы 7-июнда Сирт шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан бедуиндин (көчмөн) алачыгында төрөлгөн. Анын толук аты-жөнү -Муаммар бен Мухаммад Абу Меньяр Абдель Салам бен Хамид аль-Каддафи.

9 жашында башталгыч, анан Себха шаарындагы орто мектепте окуп, үй-бүлөсүндө эң биринчилерден болуп орто билим алган. 16 жашында ошол учурдагы падыша Идрис I`нин бийлигин кулатуу үчүн жаштардын арасында жашыруун уюм түзгөн. Мындан улам ал мектептен чыгарылган. 1964-жылы Ливия университетинде юристтик адистикке ээ болгон. Окуп жүргөндө университеттин Аскер академиясынын кечки курсуна угуучу катары катышкан. Ал окууда дайыма үлгүлүү окуучу, курсант экенин көрсөткөн. 1965-жылы аскерге чакыртылып, кийинчерээк британиялык аскердик колледжде 10 ай бронетанка ишин окуган.

Падыша Идрис чет өлкөдө жүргөндө 1969-жылы 1-сентябрда жаш офицерлер арасында кутум уюштуруп, Триполиде хан сарайын, өкмөттүк мекемелерди, теле, радио имараттарын басып алып, Ливияны республика деп жарыялаган. Каддафи козголоңчулардын лидери жарыяланып, Революциялык башкаруу кеңешинин жана Жогорку башкы командачы постунун жетекчилигин ээлеген. Ал 1969-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнүн башында турган.

20-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.10.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту супер инфо эмне учун рейтинг жонундо маалымат бербейжатастар жаныланганы боюнча
21.10.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык адам экен Рахмат СУПЕР-ИНФО
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: