Аламүдүн районунда "57 жаштагы жаранды себепсиз таш менен урган" деп шектелип 3 жаран кармалды
Аламүдүн районунда "57 жаштагы жаранды себепсиз таш менен урган" деп шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 57 жаштагы Т.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 11-октябрь күнү саат 01:00 чамасында Улук аттуу чала тааныш жигит жана анын эки таанышы мас абалында себепсиз таш менен ургулаганын билдирген. Бул факт боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Ж.С., Т.Н. жана 18 жаштагы Т.У. аттуу жарандар кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gyiwak

21.10.2016. 23:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартиптин жоктугунан болуп жатат мындай нерселер... Жаш балдарды улууларды сыйлаганды үйрөтөлүк..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.