super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүүгө каршыларды "элди ойлобогондор" деп атады

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы саясатчыларды "элди ойлобогондор" деп атады. Мындай пикирди президент 20-октябрда Бишкекте жаңы спорттук комплекстин ачылышында айтты. 6 жыл мурун Бакиевдер менен отургандар бүгүн "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин жанында жүргөнүн, алар Баш мыйзамга, мамлекетке каршы кыйкырып жатышканын билдирди. Айтымында, аларга электр энергиясы, жолдор, өлкөнүн келечеги эмес, депутаттык мандат гана керек. Бакиевдин тушунда депутат болуп, бүгүн "Өнүгүү-Прогресстин" тизмеси менен парламентте отурган - Зиядин Жамалдинов. Бул депутат да Конституцияны өзгөртүү боюнча бийликтин долбооруна "каршы" деп добуш берүүдө.

Президент бул салтанатта башка фракциялардын депутаттарын да "бакиевчилер" деп сындап, бирок алардын аттарын атаган жок. Сын кимдерге айтылып жатканы көпчүлүккө белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: