super.kg logo

Таш-Көмүрдө окуучулар арасында “Милициянын жаш досу” аттуу кароо-сынак өттү (фото)

 

Таш-Көмүр шаарында 13 мектептин окуучуларынын арасында “Милициянын жаш досу” аттуу кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка ар бир аймактан милициянын өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлору (ИДН) түздөн-түз жооптуу саналып, өз мектебин даярдап алып келишти. Сынак 5 турдан туруп, “Мекеним менин - Кыргызстан” темасында милициянын коомдогу орду, эл арасындагы
кадыр-баркы тууралуу патриоттук ырлар, оюндар, сүрөт сынагы жана аскердик саптык жүрүштөр менен коштолду.

Шаардык билим берүү жана ички иштер бөлүмү менен биргеликте уюштурган сынакта ар тармактын өкүлдөрүнөн куралган калыстар тобунун калыс баасынын натыйжасында А.С.Пушкин атындагы №12-орто мектептин окуучуларынан куралган команда баш байгеге ээ болушту. 2-орунду Шамалды-Сай шаарчасындагы №2-гимназия, 3-орунду Т.Шадыканов атындагы №14-интернат-гимназиясы ээледи. Калган командалар да атайын (“Мыкты дубал гезит”, “Мыкты патриоттук ыр”, “Мыкты форма”, "Мыкты сүрөт") номинацияларга ээ болуп, Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан баалуу белектер, Ардак баракча жана дипломдор менен сыйланышты.

Эске салсак, “Милициянын жаш досу” кароо-сынагы Ички иштер министрлиги жана Билим берүү министрлиги менен биргеликте уюштурулуп келет. 2015-жылы республикалык кароо-сынакта Жалал-Абад облусунун атынан барган команда 1-орунду алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: