super.kg logo
  Саясат  

Жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам эмитен жыйынтык бере баштаганы айтылды

 

Жаш жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзамга президент кол коё элек, андыктан документ күчүнө кире элек. Демилгечи депутат Аида Салянова 20-октябрда “Парламент” радиосу аркылуу аталган мыйзам боюнча суроолорго жооп берди.

“Мыйзам долбоорун жазууда колдонула турган жаза чараларынын түрүн эркинен ажыратуу менен эле чектеп койбостон, айып салуу менен дагы коштосок деген сунуштар болгон. Бирок Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүү киргизгенден көрө Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизген туура деген жыйынтыкка келдик. Себеби айыпты төлөп коюу менен жоопкерчиликтен качып кете турган тараптар деле жок эмес экенине көзүбүз жетти”, - дейт Салянова.

Мыйзам күчүнө кирсе таасири жакшы болорун айткан депутат Ак-Талаа районундагы бир үй-бүлөдөгү жашы жете элек эки кыздын бирдей турмушка чыгышы тууралуу окуя ушул мыйзамдын жардамы менен коомчулукка ачыкталганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: