Бишкекте дары-дармектер сакталуучу кампадан өрт чыкты
Өткөн суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Борбор калаада дары-дармектер сакталуучу кампадан өрт чыкты. Анда Матыев көчөсүндө жайгашкан кампанын ичинен 8 чарчы метр жердеги дары-дармектер күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр жабдууларын техникалык пайдалануудагы эреженин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.