Борбор калаада бейбаштыкка шектелген шаар тургуну кармалды

Борбор калаада бейбаштыкка шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 53 жаштагы К.К. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал кечээ, 20-октябрда түнкү саат 03:30 чамасында Аул көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн эшигин белгисиз жигит тээп сындырып салганын билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.