super.kg logo

Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнө шектелген жаран: "Кошунамдын баласы тамагыма уу салганы келе жаткан экен, бычакты алып сайып жибердим"

 
Жеңишбек Айтиевдин уулу Туратбек Акпаралиев (чоң атасынын фамилиясына катталган)
Кылмышка шектүү
Кылмышка шектүүнүн түшүнүк каты

Жеңишбек Айтиевдин уулун бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндөгү 1Б үйүнүн алдында болгон. Анда 2004-жылы туулган Туратбек Акпаралиевди (Жеңишбекович) 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран бир нече жолу бычак менен сайып салган.

"Жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан. Анын көкүрөгүндө жана моюнунда бир нече бычактын издери болгон. Кылмышка шектүү ошол эле жерден кармалып, кылган кылмышын моюнуна алды. Мындай кылганынын себебин "кошунамдын баласы тамагыма уу салганы келе жаткан экен, бычакты алып сайып жибердим" деп түшүндүргөн. Кылмышка шектүүнүн атасынын айтымында, ал мурда психикалык оору менен жабыркаган, бирок атайын ооруканага катталган эмес. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирди Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Маркум Туратбек Акпаралиев куудул Жеңишбек Айтиевдин уулу. Буга чейин куудулдун туугандары бул маалыматты тастыкташкан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(37)
21.10.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Астагфируллоох ата энени баладан,баланы ата энеден ажыратпасын,мындайды пенде башына салбасын. Женишбеке уй булоосуно. Аллах сабыр берсин журок ооруткан окуя бир паста колунан алдырып коюшуптур айла жок. Алланын пешенеге жазганын корот экенбиз да боодо кырсык,боодо кайгыдан сактасын баарыбызды.
21.10.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Коомго коркунучу бар ушундай оорулуу адамдарды козомолдоочу жай барбы деги?Качан кана кырсык болгондо псих.жактан оорулуу болчу дебей,убагында каттатып,дарылатпайсынарбы?
21.10.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гостелло деген кочо каерде
21.10.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Barchyn89, ошо да ошто мындай кочо бар экенин билбейт экем. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
21.10.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Barchyn89, черемушки
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: