super.kg logo

Ысык-Көлдө баптист аялдын сөөгүн жерге берүү талашы чечилди

 

Ысык-Көлдөгү баптист аялдын сөөгүн жерге берүү маселеси чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков билдирди.

"Баптист аял кечээ каза болгон. Аны мусулмандардын мүрзөсүнө коюуга жергиликтүү эл каршы чыккан. Бүгүн район акими, укук коргоо органдары жана маркумдун туугандары менен биргеликте сүйлөшүп, жерге берүү маселеси чечилди. Маркум ошол айылдагы мусулмандардын эски мүрзөсүнөн 500 метр алыс жерге коюлмай болду. Облус аймагында буга чейин да мындай маселелер болуп келген. Мындан улам диндин баптизм агымындагыларды Балыкчы жана Кажы-Сайдагы мүрзөгө коюп келишкен", - дейт облус казысы.

Учурда Ысык-Көл облусунда баптизм агымындагылардын саны 1000ге жетери айтылды.

Айта кетсек, маркум Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынан болот. Диндин баптизм агымында жүргөнүнө 20 жылдан ашкан. 60 жашка чыгып калган аял бир канча жыл Орусияда жашап, жакында эле Ысык-Көлгө келген.

Мындай окуя жакында Ала-Бука районунда болгон. Баптист аялдын сөөгүн жашырганга жер табылбай чуу чыккан. Маркумдун сөөгү 3 жолу жерге берилип, 3 жолу тең каршылар тарабынан казылып алынганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
22.10.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми эки тарап мунасага келип тынчып калышыптыр да. Башта эле ошондой кылуу керек эле...
22.10.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Revolyutsiya,сен дагы тынчып калдынбы ))
22.10.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул экинчи баптист аялбы?
22.10.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tuigan.,ооба.
22.10.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Үчүнчүсүн эмне кылат эми ?
22.10.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Россияда журсок дагы мусулман динибизди эле кармап журобуз. Россияда коп жыл журсо эле баптизмге отуу керекпи?
22.10.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
guli-1980,Россияга барып ошол жактан баптист болуп келди деген жери жокго.
22.10.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ээ мусулман бир туугандар дининерди сатпагылачы!!!
shankol88 түзөттү 2016-10-22 13:14:29
22.10.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нааразычылыгынарды дагы баштагыла "гуманисттер" 500 метр алыс комумуп салыптыр мурзого эле койбойбу деп))) аны да айтасынар эркекче
22.10.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо дин которгондорго тан калам ,кайсы динде торолсон ошол дин менен жашай бер!
23.10.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytur,Адамдардын баардыгы жаны торолгондо мусулман болот кийин чонойгон сайын чойросуно карап дин карманып кетет. АЛЛАХтын алдында бир эле дин чындык ал Ислам дини.
22.10.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Москвада мага да Кыргызча жасылган баптис китебин орус аял кызы экоо сунуштаган.Кечирип койгула алтындарым дегенмин.
Исламдан кабары жок адамдарды опоной азгырышат.
22.10.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Магада Москвадан бир орус киши китеп берем деди.меня грех будет если читаю дегенский мен)))
22.10.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Булар дагы биртке болсо дагы адам экен Колдуктор .
23.10.2016. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тушунгон жокмун?Баптист дегени неси?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: