super.kg logo

Орусиядан депортация болгон жарандын документине жалган маалымат киргизгени үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын адисине кылмыш иши козголду

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаарындагы Жарандарды жана жарандык абалынын актыларын каттоо департаментинин кызматкерине Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмү бүгүн, 24-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, департаменттин тез убакта документтештирүү бөлүмүндө "Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун жол-жоболоштуруу, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө" нускамасынын талаптары бузулган.

"Тез убакта документтештирүү бөлүмүнүн кызматкери расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, О.А. аттуу жаранга мыйзамсыз жалпы жарандык паспорт беришкени аныкталды. Ал документтерге учурда өзүнүн паспортун колдонуп жүргөн өлкөбүздүн Х.Б. аттуу жаранынын маалыматтары киргизилген. Х.Б. паспортторун 2006-жылы алган жана алмаштыруу үчүн кайрылган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын билдиргенине ылайык, О.А. аттуу жаранга Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынганы белгилүү болду.

"Бул факт боюнча айрым кызматкерлерге Кылмыш кодексинин 304-берене (кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (документтерди оңдоп коюу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп кошумчалаган Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.10.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мындай окуя миндеп саналат. Ачыкка чыкканы 100дон бири эле
24.10.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыйзам иштебейт Биздин олкодо и жараандарда сыйлашпайт . Россия да такыр башка.
24.10.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ботоом абдан тан калыштуу гоо
25.10.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайлар толтура го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: