super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

 

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө саат 04:32 чамасында Кара-Тейит айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Кара-Мык айылынан 22 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 108 чакырым түштүк-чыгышта жана Ош шаарынан 168 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Калк жашаган Кара-Тейит, Кара-Мык, Куучу, Жар-Башы айылындарында 3 баллга чейин сезилген. Жер силкинүүдөн кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: