Ырчы Темир Назаров менен КСДПнын өкүлү, Оштун вице-мэри Нурбек Кадыров жакалашканы белгилүү болду

Ырчы Темир Назаров менен Оштун вице-мэри Нурбек Кадыров жакалашкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык мэриядагы өздүк булактар билдиришти. Маалым болгондой, ырчы менен вице-мэр айтышып, жакалашып кетишкен.
Айта кетсек, бул окуя 24-октябрда шаардагы кафелердин биринде болгон.
Темир Назаров 1986-жылы 28-августта Ош облусунда туулган. Ырчы "Туулган жер", "Энекем" жана башка ырлары менен таанымал. “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2005-жылдын мыкты ырчы мырзасы” наамын алган.
Нурбек Кадыров 1984-жылы 27-июлда Ош шаарында туулган. Ал Оштун вице-мэри кызматына 2016-жылдын июнь айында дайындалган. Мындан тышкары Кадыров Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын улук кеңешчиси экени белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Оздору жылуу олтурса эле элди да жылуу деп ойлойт окшойт.
Азыр "артист" болуп элге "онорун" тартуулоо учун иш кабинети же Акуй, мэрия тар болуп калган, корормандар аз чогулат. Ошондуктан "онорлорун" кочодо, эл жыйылган жерлерде элге тартуулап калышкан...
Дагы Жогорку Кенеште кенешчи имиш, урушуп уят болуп журсо кайдагы кенешчи, уят КСДП!!!