super.kg logo

Күнүнө 2000дей жумуртка сарптаган ишкана

 

Чоң бизнести иштетүү үчүн көп адам ресурстары менен узун тизмедеги товарлар керектелет. Маселен, Кыргызстандын эң ири алтын кен ишканасы “Кумтөрдү” иштетүү үчүн 600 чакан жана орто бизнес ишкана 11 миң товардын түрү менен камсыздайт. Алар кандай товарлар? Унаа тетиктери, айдоочулардын кийими, жеген тамак-ашы, спорт менен машыккан жериндеги шаймандар.

"Кумтөр" кен ишканасынын бийик тоолуу турак жай лагеринде күнү-түнү иштеген 1700дөй адамга тамак даярдоодо күнүнө эки миңдей жумуртка сарпталат. "Житница" фермасы - алтын өндүрүүчүнүн көп жылдан берки ишенимдүү өнөктөшү. “Кумтөрдүн” өндүрүшү деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте, +15°Сдан -38°Сга чейинки температуралык шарттарда жайгашкан. Татаал шарттарда оор жумушту аткарышы үчүн кызматкерлерди азыктуулугу мол, сиңимдүү жана сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо шарт. Бул эртең мененки азыкка түрдүү даярдалган омлеттен тартып таттуу токоч жана салаттарга чейин кубат берүүчү даамдар. Негизги азыктардын бири катарында жумуртка Чүй облусунда иштеген “Житница” фермасынан алынат. Ишкананын жетекчиси А.Штанько мындай дейт: "Биз өз бизнесибизди "Кумтөр" долбоорунун бөлүгү катарында сезебиз жана аны менен абдан сыймыктанабыз. "Кумтөр" эсептерди беш күн аралыгында төлөп берген эң сонун, ишенимдүү кардар".

2012-жылдан баштап "Житница" фермасы өзүнүн кардарлар базасын кеңейте баштаган. Ага чейин жалгыз алтын кенге иштечү. Учурда өндүргөн товарынын 50 пайызын башка ишканалар сатып алышат. Чарбадагы тооктордун саны 12 миңге жетип, жылына 3 миллион жумуртка өндүрүлөт. "Житница" 100 үй-бүлөдөн ижарага алган 500 гектарга жакын жерде тооктор үчүн тоют өстүрүп, өзүн өзү камсыздайт. Андай жол менен 100 үй-бүлө да экономикалык пайда көрүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(4)
25.10.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кумтор кийинки шайлоолордо ата мекен партиясына демоорчу болот окшойт .;)))
26.10.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айрымдар Кумтордо иштеген 1000-2000 адамдын кызыкчылыгын которуп жатышат. Ошол 1000-2000 адам деп Кумтордой байлыгыбыздан кол жууганыбызды карап отуралыбы?!! 20 жылда Кумтордон миллиарддаган долларлар сыртка чыгып же бийликтеги коррупционерлердин чонтогуно тушту. Ошол акчаларга канчалаган бала-бакча, мектеп, оорукана, завод-фабрикалар курулуп, он миндеп адамдар жумуш менен камсыз болуп, элибиз учун канчалык сооп иш жасап, экономикабызды которууго шарт тузулмок. Ошолорду ким ойлоду?
Revolyutsiya түзөттү 2016-10-26 10:44:22
26.10.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызылдай эле рекламалоо болуп жатат го туура тушунгуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: