super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду

 

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 25-октябрда "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Демилгечилер аталган мыйзамдын нормаларын Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” мыйзамдарга шайкеш келтирүү зарылдыгын айтышты. Долбоор биринчи жана экинчи окуудан кызуу талаш-тартыштар менен өткөн.

Белгилей кетсек, бийлик 2016-жылдын 11-декабрында Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү көздөп жатат. Бул мыйзам ошол конституциялык реформага керек. Ал эми көпчүлүк саясий эксперттер, бийликтин оппоненттери Конституцияны өзгөртүүгө катуу каршылык билдиришүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: