Жантөрө Сатыбалдиев: "Макмал алтын" ишканасы өлкө үчүн маанилүү мекеме"
Бүгүн, 18-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Макмал алтын”
ишканасы менен таанышып чыкты. Ал жерде иштеген жумушчулар менен болгон жолугушууда өкмөт башчы “2012-жылдын күз айларынан бери өкмөт “Макмал алтын” ишканасынын иштөөсүн
мындан ары да улантуу тууралуу маселенин үстүнөн иштеп жатат. Бул жерде 1200 адам эмгектенет жана Тогуз-Торо
районунда гана эмес, республика үчүн бул ишкана эң
маанилүү мекеме. Комбинаттын ишин толук кандуу улантууга өкмөт ар тараптан колдоо көрсөтөт”,- деди. Маалыматка таянсак, аталган ишкана былтыр 367 килограмм алтын өндүргөн. “Биз компрессор жабдыгынын
иштен чыгуусуна байланыштуу өткөн жылкы планды аткара албай калдык. Аны оңдоого 2 ай
убакыт кетти”,- деди ишкананын директору Нурлан Исаков. Быйыл 500
килограмм алтын өндүрүү пландалып жатканын кошумчалады ишкана башчысы.
Автор: Гүлжан Асанкожоева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

