super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ОКТЯБРЬ: 2006-жылы бразилиялык педофил-маньяк Франсиско дас Шагасты өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча соттун алгачкы өкүмү чыккан

 

Бразилиялык педофил-маньяк жана каннибал Франсиско Дас Шагасты өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча соттун алгачкы өкүмү чыккан. 41 жаштагы Франсиско дас Шагас 1989-жылдан 2003-жылга чейин 9 жаштан 15 жашка чейинки 42 өспүрүмдү зордуктап, бычкан. Алардын кээ бирлеринин дене бөлүктөрүн Шагас жеп да койгондугу соттун өкүмү угузулуп жатканда айтылган. Педофилдин колунан каза тапкан 10 өспүрүмдүн сөөгү Шагас жашаган үйдөн алыс эмес талаадан табылган.

Мыкаачы өлтүргөн өспүрүмдөрдүн арасындагы 15 жашар Жонатандын апасы соттук отурумда: "Менин баламды өлтүргөн мыкаачыны полиция биринчи же экинчи баланы өлтүргөндө эле кармаса болмок. Жок, алар ушунча баланы өлтүргүчө кебелбей жүрө беришкен. Эмнеге? Анткени каза болгон балдардын баары жакыр үй-бүлөлөрдөн болгон", - деп айткан.

Маалыматтарга караганда, анын кылган кылмыштарына бала чагында алган психикалык травмасы себеп болгон.

25-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: