Москва шаарында Кыргыз Республикасынын 3 жараны уурулукка шектелип кармалды
Орусиянын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын 3 жараны уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-октябрь күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 25 жаштагы К.М. аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жараны арыз менен кайрылган. Анда ал түн ичинде белгисиз үч адам Жогорку Красносельская көчөсүндөгү батиринде сабап, жалпы баасы 72 миң рублга жакын буюмдарын алып кетишкенин билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы Б.Э., 19 жаштагы А.Н. жана 21 жаштагы Т.Б. аттуу тургундары кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Анан уйунордун ичинде бекинип отуруп алып,жумурткасын кесип салам,ж б дей бербегиле.Колунан келбегенден кийин.
Баш кесерди уктум.Жумуртка кесерди кыргыздан биринчи угушум.Мен бул менен кылмышкерлерди коргоп жатканым жок.Жазасын закондуу турдо алсын,кыргыз кыргызга кучун чыгарбай.
Эн туура
Иштеген акыларын ала албай калып кызуу кандуулукка алдырышканына оздору да окунуп жатыптыр. Сиз айткандай"Уурусу кучтуулук" этип жатат бул жерде ээх..