Орусияда мас абалдагы полиция кызматкери Кыргыз өлкөсүнүн жаранын атып салды
Орусияда мас абалдагы полиция кызматкери Кыргыз Республикасынын жаранын атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 24-октябрь күнү Москва шаарынын түштүк-чыгышындагы Ташкент көчөсүндө болгон. Анда дүкөндө жүк ташыгыч болуп иштеген жаранды мас абалдагы полиция кызматкери тапанча менен атып салган.
“Полиция кызматкеринин айтымында, аялына белгисиз мигрант тийишип койгон. Аны жазалоо максатында сыртка чыгып, дүкөндө иштеген адамды колго аткан. Кийин анын аялына тийишкен мигрант ал эмес экени аныкталган. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

ХХХ.
Мен омур бою Кыргызстанда гана иштеп журом жана иштей берем, когоро берем.