super.kg logo

Кош бойлуу кезинде жалданып кетмен чаап иштеген эне баласына эки айдан бери күбөлүк ала элек

 

12 жашында апасын жоготуп, оор тагдырга кабылган Анара Токонова (аты-жөнү өзгөртүлдү) талаада помидор терип, дыйкандарга жалданып иштеп, оор күндөргө кабылганын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Мен 12 жашка чыкканда апам каза болуп, атамдын колунда кичине 2 сиңдим менен калдым. Атам менен кичине сиңдимдин жүрөктөрү ооруйт. Алар эч жерде иштебейт. Улуу сиңдим Ысык-Көлдө ашканалардын биринде иштейт. Мен Бишкекке келе бергем. Борбордо бир жигит менен таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Кийин андан кош бойлуу болуп калдым. Мен ага бул тууралуу айтканда "макул, үйлөнөбүз" деген, бирок телефонун албай дайынсыз болуп кетти. Кийин ал Орусияда экенин билдим. Кош бойлуу кезимде батирдин акчасын төлөй албай көчөдө ачка калдым. Көк-Жар конушунда талаада кетмен чаап, помидор терип жан бактым", - деди Токонова.

Анара Токонова Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну. 5 жылдан бери Бишкек шаарында жашайт. Атасы кызынын кайда жүргөнүн, эмне жумуш менен алектенип жүргөнүн билбейт. Атасына "Бишкекте бала багуучу болуп иштеп жатам" деп койгон.

"Атама уулдуу болгонумду айта албай жүрөм. Балам азыр 2 айлык болду. Азырынча ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала элекмин. Интернеттен карап балама диний ысым ыйгардым. Балама алимент алуу үчүн тийиштүү кызматтарга кайрылайын десем, жигитим менен расмий түрдө баш кошкон эмесмин, нике кагазыбыз жок. Иштейин десем, баламды карачу адам жок. Атама барайын дейм, бирок атамдын жүрөгү оорулуу болгону үчүн аяйм. Менин абалымды угуп ооруп калабы деп корком", - деп кошумчалады каарманыбыз.

"Башында жигитим менен жакшы жашоодо жашайм деп кыялданган тилегим таш каап, минтип мамлекеттин карамагында калдым. Кыздарга айтарым, жаштык кылып, ката кетирбегенге аракет кылгыла" деген Анара учурда Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу Боорукердик борборунда жашайт. Ал бул борборго 7 айлык кош бойлуу кезинде келген. "Мындан ары балам экөөбүздүн тагдырыбыз кандай болот?.." деп кабатыр болгон каарманыбыз келечегин элестете албай күн кечирип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
26.10.2016. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Женил ойлуу кыздарга бул дуйнодо да азап бар. Этият болуп, абийир, намыс деген нерсени сактагыла. Намаз оку, ибаадат кыл. Аллах мээримдуу зат.
26.10.2016. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Дагы жакшы баласын таштап качпаптыр
26.10.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
zhykyo,Олтургонго аракет кылбаганына шугур десен тируу таштаса мейли
26.10.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообо кылдым!Кыз жигит болуп жургондун кесепети! Дагы жакшы баласы менен бирге экен,тиги Екатеринбургдагы туалетке тороп ал аз келгенсип кызынан баш тарткан макулуктай болбой баласы менен бирге экен!
26.10.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок дегенде атанды,синдилеринди ойлобопсун да ак никеси жок кантип зынага барасынар.Аллахым тообо кылдым тообо кылдым тообо кылдым озун кечире кор мени менде да уул-кыз бар шермендечиликтен озун сакта!
26.10.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр жаштар женил ойлуу чыкты, тарбия корбой осуп, женил оокат издеп, абийир-намысты унутуп... Айрым жигиттер паланча-тукунчо "кыз" менен жатканын айтып мактанат. Ошол акылынын боксолугу, акылы толук, намысы болсо мындай кылбайт эле. Ошол кыздарга окшоп келинчеги же карындашы "ойноп" журсо, ошол жигитке жакшы корунот бекен?!!

Анан да негизги куноо ошол кыздарда. Алданган-алданбаган кундо да никесиз кошулуу зына. Кыз каршы болсо кайсы эркек кучко салып баса калсын
26.10.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кучко салып зордуктап койгон учурлар 1/1000 же 1/100 кездешет. Калган убакта кызды алдап-соолап же эритип кондурот балдар. Копчулук учурда козун кылгыртып ошого кыздар озу повод берет. Эгер кыз жок деп кесе айтып жатпай койсо ошол балээлердин баары болбойт. Кетсе жанагы койрон жигити кетет. Зато абийри менен калып кийин татыктуу куйоого жолугат. Кыздар, женил ойлуулукту качан токтотуп зынага барбай каласынар?! Силер тыйылсанар гостиницага суйроор эркектер да тыйылмак, ойнош таппай.
26.10.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
торолгон балага метирка алыш ушунчалык кыйын экен очирет райзакска откоуп койуптур адамдын коптугун айтпа Адим ушул жонундо малымат алвп бергилечи неге ацыл окмотон рай закска откоргон
26.10.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп кыз-жигиттер ыйманды билишпей, женил ойлуу болуп калышты. Анчалык чыдабасанар 20 сомду аябай чонтогунорго презерватив сала журбойсунорбу. Ушундай жаштардын азабынан канчалаган куноосу жок наристелер аборт болуп, андан калгандары детдомдо же башка жерде оор шартта чоноюп жатышат. Алардын убалы кимде.
27.10.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торолгондугу туураалу справкв алып келсен Караколдон жашаган жеринден паспортун болсо аласын эч оорчулугу жок...12 жашында энесинен калса тушунсо болот..эненин тарбиясын коргон
Эмес....кээ бир энеси барлар деле мындан жаман болуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: