super.kg logo

Кызыл-Кыя шаарында май куюучу жайдан өрт чыгып, 2 адам жабыркады

 

Кызыл-Кыя шаарында май куюучу жайдан өрт чыгып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 25-октябрь күнү саат 16:33 чамасында келип түшкөн.

Өрт кырсыгы “Альфа-Ойл” ишканасына таандык май коюучу станцияда болуп, цистерна күйгөн. Анын кесепетинен эки кызматкери: 1963-жылы туулган Абдуламид Алмуратов жана Абдужалал Ажимаматов 2-даражадагы бетинен жана колунан күйүк алган. “Тез жардам” кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: