super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-ОКТЯБРЬ: 1979-жылы Түштүк Кореянын президенти Пак Чон Хи өлтүрүлгөн

 

Пак Чон Хини Түштүк Кореянын Борбордук чалгын жүргүзүүчү башкармалыгынын директору Ким Жэ Гю атып салган. Ким Жэ Гю камакка алынгандан кийин президентти демократияга тоскоолдук жаратканы үчүн атканын билдирген. Бирок ушул күнгө чейин Пак Чон Хинин өлүмүнүн себеби тууралуу так маалымат жок. Ким Жэ Гю жана анын шериктерине өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгып, 1980-жылдын 24-майында асып өлтүрүшкөн.

Пак Чон Хинин өлүмүнө чейин аны өлтүрүүгө 2 ирет аракет жасалган. 1968-жылдын 21-январында 31 адамдан турган Корей элдик армиясынын отряды ага кол салмакчы болгондо, тартип сакчылары президенттин өмүрүн сактап калышкан. Бул окуядан кийин президент атайын топ түзүп, Түндүк Кореянын өлкө башчысы Ким Ир Сенди өлтүрүүгө буйрук берген. Ал эми 1974-жылдын 15-августунда Пак Чон Хи театрда сүйлөп жаткан учурда түндүк кореялык агент Мун Се Гван ага ок чыгарган. Ок президенттин жубайына тийип, ал каза болгон.

Пак Чон Хи 1961-жылы бийликке келген. Ал "корей экономикалык кереметинин" жаратуучуларынын бири болуп эсептелет. Улуу кызы Пак Кын Хе 2012-жылы болгон шайлоодо Корея Республикасынын президенти болуп шайланган.

26-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.10.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бизге дагы ушундай мыйзам болсо ее.жеп жутарлар баары дарга асылмак
26.10.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
chon.alai.,анда кыргызстан швецариядай бай болмок ар бир гражданин милионер болуп
27.10.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"МакЧоПиКыЧоКынХе"-деп атып араң окудум.Бир сапты 2-3 ирээт окуп жатып түшүндүм. Рахат "Супер"
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: