Сузак районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Сузак районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Сузак районунун Масадан айылында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 1991-жылы туулган кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Анын кесепетинен жөө жүрүүчү денесинен жараат алып, ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, шектүү катары Таш-Булак айылынын тургуну кармалган.
“Башында ал кылган ишин мойнуна алуудан качып жаткан. Кийин далилдер көрсөтүлгөндө мойнуна алды. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.