super.kg logo

Жалал-Абад электр ишканасы: "Аксы районунда кооптуу болуп жаткан электр мамылары текшерүүгө алынат"

 

Аксы районунда кооптуу болуп жаткан электр мамылары текшерүүгө алынат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда SUPER.KG порталына "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун башчысынын биринчи орун басары Азамат Пайызов билдирди.

"Окурмандардын SUPER.KG порталына кайрылуусу боюнча мамылардын кулап калуусун тактайбыз. Бирок биздин ишкананын карамагында турган мамылар кулабайт. Эл андан кооптонбошу керек. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар райондун Электр тармактары кызматына кайрылышы керек. Алар жооп бере албаса, мен жооп берем. Быйыл облус боюнча 400 даана мамы алмаштырылды. 2017-жылы 500 даана алмаштырылат", - деди Пайызов.

Мамылардын абалы боюнча Аксы районунун акими Медет Айдаралиевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык: "Акыркы 2 жылдан бери эскирген мамыларды алмаштыруу боюнча аракеттерди көрүп, тийиштүү кызматтар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө район боюнча миңден ашуун электр мамылары алмаштырууга муктаж. Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы кулап калуу коркунучунда турган мамылар Таш-Көмүр шаарына карайт. Ошентсе да бул мамылар биздин аймакта тургандыктан тийиштүү кызматтар менен сүйлөшүп, жеке көзөмөлүмө алам".

Маалым болгондой, Советтер Союзунун убагында орнотулган мамылар 1960-1965-жылдар аралыгында курулган.

Эске салсак, окурман "Элдик кабарга" 27-октябрда "Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кум айылында электр мамылары үйлөргө кооптуу болууда" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: