super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт" деп кыш да эрте келип алды"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эрте келген кыш. Ким кандай деңгээлде кышка даяр болду?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Быйыл кыш демейдегиден эрте келип алды го. Терезени карап алып эле үшүп жатам. Бүгүн бутумда кышкы бут кийимим жок болуп, сабакка барбай калдым. Силер кышка даяр болдуңарбы?"

"Кыш кандай гана сонун, керемет мезгил! Кырч-кырч деп карды тепселеп, кыштын түндөрүндө жолдо бара жатсаң... Суук бетиңди аймап, өзүңчө кыялга чөмүлүп сейилдеп жүрсөң... Кышты да сагындырып жибердиңер".

"Кышкыга эч нерсем жок, кичине арыраак жылып турса болмок".

"Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт" деп кыш да эрте келип алды. Карасам кышкы кийим жок, быйыл даяр эмес элем. Мына сага деп, кышты уят кылып, жеңил кийим менен чыгып кетсем окшойт".

"Кийимден го көйгөй жок, баары даяр. Бирок отун, көмүр даярдай элек болчубуз. Өз убагында, ноябрды ортолотуп эле келсе жакшы болмок".

"Карап көрсөм кышка баары эле бар экен. Бир гана унаам жайкы "өтүк" менен жүрөт, ошого "сапошке" алып берсем эле болду".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: