super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ОКТЯБРЬ: 1999-жылы Армениянын парламентинде террордук акт болуп, 8 адам курман болгон

 

1990-жылдын 27-октябрында Армениянын Ереван шаарында парламенттик отурум өтүп жаткан учурда куралчан адамдардын тобу кирип барып, автоматтардан ок чыгарышкан. Жыйынтыгында өлкөнүн премьер-министри Вазген Саркисян, парламенттин спикери Карен Демирчян, вице-спикерлер Юрий Бахшян жана Рубен Мироян, мамлекеттин оперативдик маселелер боюнча министри Леонард Петросян, депутаттар Генрих Абрамян, Арменак Арменакян жана Микаэл Котанян каза болушкан. Калганы ар кандай жаракаттарды алып, жабыркашкан.

Террорчуларга карата сот иши 2001-жылдан 2003-жылга чейин уланган. Арменияда 2003-жылдын сентябрь айында өлүм жазасына тартуу жокко чыгарылгандыктан, кылмышкерлерге жазалоонун бул түрү колдонулбай калган. Террордук топтун башчысы Наири Унанян, анын бир тууганы Карен Унанян, алардын тууганы Врам Галстян, Дереник Беджанян, Эдик Григорян жана Ашот Князян өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми Гамлет Степанян 14 жылга соттолгон.

Жыл сайын 27-октябрда Арменияда 1999-жылы террорук актыда курман болгондорду эскерүү күнү белгиленет.

27-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.10.2016. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол убакта Армениянын чиновниктери азыркы биздикилер сыяктуу элдин кыжырын кайнатып башташкан эле.Бизге да ошондой террордук акт болсо кайгырбайт элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: