super.kg logo

Бишкекте улгайган адамдардын позитивдүү элесин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду

 
Көргөзмөнүн алкагында колго жасалган буюмдар сатыкка коюлду.
Көргөзмөнүн катышуучулары
Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр
Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр
Ошондой эле чакан фуршет уюштурулду.
Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр

Бүгүн, 27-октябрда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы китепканада улгайган адамдардын позитивдүү элесин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Максаты - карылар тууралуу айтылган туура эмес түшүнүктөрдү жоюп, шайыр кары адамдын образын көрсөтүү. Көргөзмөнүн каармандары - бир топ жашка барып калганына карабай кызыктуу, сергек жашоо кечирген карылар. Ошондой эле неберелерин тарбиялоого көмөктөшүп, жаш муундар үчүн кеңешчи, үй-бүлөдөгү ынтымактын бекемделишин шарттап, коомдун, үй-бүлөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон инсандар.

"ХэлпЭйдж Интернешнл" долбоорунун менеджери Гуля Абитова иш-чара тууралуу буларга токтолду:

"Өлкөбүздө улгайган инсандар аз. Пенсияга, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөргө карабастан жашоого нааразы болбой, башкаларга да позитивдүү маанай тартуулагандар жок эмес. Булар өздөрүнүн энергиясы менен башкаларга дем берип, бир топ жашка чыкканда да адам толук кандуу жашаса болорун көрсөтүп, бизге үлгү болгондор. Бүгүн көргөзмө аркылуу жогоруда айтылган инсандарды сүрөттөрдө чагылдырууга аракет кылдык".

Көргөзмөгө жаш сүрөтчү Артур Болжуровдун "Позитивдүү картаюу" темасынын алкагында тарткан эмгектери коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
27.10.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарыбызды Кудай позитивдуу, бактылуу карылыкка жеткирсин!!
Коргозмону уюштурган жетекчиликке рахмат!!
Артур,онорун оркундоп,искусствонун бийик белестерин аша бер,ИЙГИЛИК!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: